> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Бишкек” ЭЭА эки жылда бюджетке 7,2 млрд сом которгон
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/06/bishkiek-eea-eki-zhylda-biudzhietkie-7-2-mlrd-som-kotorghon/
- Published: 2025-10-06T08:37:58.000Z
- Updated: 2025-10-06T08:37:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**“Бишкек” эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) акыркы эки жылдын ичинде бюджетке 7 млрд 248 млн сом которду. Бул тууралуу аталган ишкананын директору Жолдошбек Ниязбеков Биринчи радиого берген маегинде билдирди.**

> Анын айтымында, ишканада 270 субьект бар жана 4 миңден ашык адам эмгектенет. Бул ишканалар тамак-аш продукцияларын, курулуш материалдарын, дары-дармек жана турмуш-тиричиликке керектүү башка товарларды өндүрүп, жергиликтүү жана импорттук рынокторго чыгарышат.

Жолдошбек Ниязбеков белгилегендей, 30 жыл ичинде ЭЭАда өндүрүштүк жүгүртүүнүн бир айлык көрсөткүчү 1 млрд сомдон ашкан эмес, бирок акыркы 2 айдын ичинде ай сайын 1 млрд 128 млн сом өндүрүш жүгүртүлүп, рекорд коюлган. Азыр 7 завод капиталдык курулуштан өтүп иштеп, дагы 11 завод курулуп бүтүп, жакын арада ишке киргизилет.