> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эт азыктарын өндүрүү элге пайда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/06/et-azyktaryn-onduruu-elghie-paida/
- Published: 2025-10-06T06:36:54.000Z
- Updated: 2025-10-06T06:37:54.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Статистикалык маалыматтар боюнча 2025-жылдын январынан август айына чейин Кыргызстанда өндүрүлгөн эт продукцияларынын көлөмү 7 млрд 703,7 млн. cомду түздү.** 

Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилиндегиге салыштырмалуу 8,6%га көп. Тагыраагы, былтыр 8 айда 6 млрд 790,7 млн сом көлөмүндө эт продукциясы өндүрүлгөн. Мунун өзү өлкөдө өндүрүштүн туруктуу өнүгүп жатканын жана атамекендик эт продукциясына болгон суроо-талаптын өсүп жаткандыгын айгинелейт.