> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Д.Өмүрзаков стадионунун кичи аренасы ачылат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/08/d-omurzakov-stadionunun-kichi-arienasy-achylat/
- Published: 2025-10-08T06:06:52.000Z
- Updated: 2025-10-08T07:27:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Вице-мэри Азамат Кадыров бүгүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун 5 060 көрүүчүлөр орундуу кичи аренасы 10-ноябрда ачыларын маалымдады.** 

Анын билдиришинче, бул арена эл аралык стандартка жооп бергендиктен эми бул жерде спорттун ар кандай спорт түрлөрү боюнча эл аралык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө болот. Эске салсак, бул арена мурда 3 миң көрүүчүгө гана ылайыкталган болчу. 

> Арена ичинде пресс-борбор, 2 чоң, 2 кичине чечинип, кийине турган жай, VIP-ложа жана жер алдындагы 80 автоунаа токтой турган жай каралган. 

> Келечекте анын жанына 300 автоунаага эсептелген көп ярустуу унаа токтотуучу жайды куруу, аренаны дагы 200 көрүүчү орундукка кеңейтүү пландалган.