> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Казынадан 66 миллиондон ашык сом кыйгап өткөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/08/kazynadan-66-mln-768-8-min-som-kyighap-otkon/
- Published: 2025-10-08T11:58:59.000Z
- Updated: 2025-10-08T12:01:44.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Эсептөө палатасы КРнын айрым акционердик коомдору “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин талаптарын бузгандыгын аныктады. Аталган мыйзамга ылайык компаниялар жыл жыйынтыгы боюнча калган таза кирешенин 25 %дан аз эмес бөлүгүн дивиденддерди төлөөгө багыттоого милдеттүү.** 

> “2023-жылга карата бухгалтердик жана отчеттук документтердин негизинде бир катар мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор финансылык оң натыйжаларды көрсөтүшкөн. Бирок, кирешенин бекитилген бөлүгүн дивиденд катары мамлекеттик акциялар пакетине бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алынбагандыктан көрсөтүлгөн сумма бюджетке которулган эмес”,-делет маалыматта. 

Ошондо дивиденддерден алынбай калган кирешелердин жалпы суммасы 66 млн 768,8 миң сомду түзгөн.