> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# АӨБ гранттын ордуна жеңилдетилген насыя берүүгө өтөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/09/aob-ghranttyn-orduna-zhienildietilghien-nasyia-bieruugho-otot/
- Published: 2025-10-09T08:17:56.000Z
- Updated: 2025-10-09T08:17:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву быйылкы жылдан тарта АӨБ Кыргызстанга грант берүүнү токтотуп, жеңилдетилген насыя берүүгө өтөрүн билдирди.**

Анын айтымында, акыркы 3-4 жылда кыргызстан экономикасы өсүп, ИДП эки эсе жогорулаган. “Экономикалык ыкчам өнүгүүдөн улам биз эми өлкөгө гранттык ассигнацияларды сунуштабайбыз. Ошол эле кезде Кыргызстанга жеңилдетилген насыяларды көбүрөөк жиберип турабыз. Ошондой эле долбоорлор мурдагыдай эле АӨБдүн аймактык каржы булактарынан гранттарды алуу коннкурстарына катыша алышат”, -дейт ал. 

> Чжэн Вунун билдиришинче, келерки жылдан тарта АӨБ жеңилдетилген насыялар боюнча мурдагы шарттарды сактайт. “Инфраструктуралык долбоорлор үчүн бул 32 жыл болот жана ага 8 айлык жеңилдетилген мезгил да кирет”, - дейт банк өкүлү.