> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аралыктан тейлөөнүн талаптарына өзгөртүү киргизүү сунушталууда
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/10/aralyktan-tieiloonun-talaptaryna-ozghortuu-kirghizuu-sunushtaluuda/
- Published: 2025-10-10T04:06:00.000Z
- Updated: 2025-10-10T04:34:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**КРнын Улуттук банкы айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоорун коомдук талкууга сунушталды.**

Ага ылайык:

> · «Аралыктан тейлөө системаларын пайдалануу үчүн белгиленген логин жана сыр сөздөрдү үчүнчү жактарга сатууга/өткөрүп берүүгө тыюу салуу; үчүнчү жактардын көрсөтмөсү жана кызыкчылыгында картты колдонуп финансылык операция жүргүзүү үчүн КРнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик киргизүү;

> · Карт чыгаруу кызматтарын сунуштоочу, ички жана тышкы алдамчылыкка (антифрод) каршы аракеттенүү системаларын операция шектүү болуп саналган учурларда, накталай акча каражатын берүүгө 24 саатка убактылуу чектөө киргизүү;

> · Кызматтарды сунуштоочу мобилдик тиркемеде кирген акча которуу жөнүндө маалыматты (жөнөтүүчүнүн аты-жөнүн, акча которуунун суммасын, датасын, багытын) көрсөтүү менен, кирген акча которууну тастыктоо/четке кагуу функциясын киргизүүгө тийиш жана керектөөчү аны ыктыярдуу түрдө колдонууга укуктуу;

> · Операциянын алдамчылык мүнөздө болушу мүмкүн экендигин көрсөткөн белгилер аныкталган учурда, банк/төлөм уюму/төлөм системасынын оператору мындай операцияны жүргүзүүнү 30 (отуз) күнгө чейинки мөөнөткө токтотуп турууга укугу жана башка бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда.

Токтом долбоору толугу менен КРнын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылган.

Кызыкдар болгон тараптар токтом долбоору боюнча сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 24-октябрынан кечиктирбестен КРнын Улуттук банкына, ошондой эле электрондук версиясын (Word форматында) adjakubova@nbkr.kg электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.