> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы кызматы 102,1 миллиард сом жыйнады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/10/bazhy-kyzmaty-102-1-milliard-som-zhyinady/
- Published: 2025-10-10T05:32:07.000Z
- Updated: 2025-10-10T05:32:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик бажы кызматыныны коллегиялык жыйынында аталган мекеме 2025-жылдын үчүнчү кварталында республикалык бюджетке 102,1 миллиард сом түшүрүп, пландан 2,4 миллиард сомго көп акча топтогонун ведомствонун маалымат кызматы билдирди.**

Коллегияда транзиттик көзөмөлдү жана электрондук документ жүгүртүүнү жеңилдеткен «Акылдуу бажы» улуттук платформасы ишке киргени айтылып, санариптештирүү реформаларына терең маани берилди.

Жыйында «Достук» постунда электрондук кезек күтүү системасы пилоттук түрдө ишке киргизилип, жакын арада Торугарт постунда да мындай кезек күтүүнү ишке киргизүү пландалып жатканы айтылган. Мындан тышкары, Салык кызматы менен «Түндүк» системасы аркылуу маалымат алмашуу электрондук форматка өткөрүлгөнү да баса белгиленген.