> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк банк: Кыргызстанда экономикалык өсүш бар, бирок...
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/10/duinoluk-bank-kyrghyzstanda-ekonomikalyk-osush-bar-birok/
- Published: 2025-10-10T09:49:56.000Z
- Updated: 2025-10-10T09:49:56.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикалык абалын терең иликтеп, өлкөнүн туруктуу өсүүсүнө тоскоол болуп жаткан көйгөйлөрдү аныктаган экономикалык баяндамасын жарыялады.** 

Докладка ылайык, 2000-2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) жыл сайын орточо 4,7%га өсүүдө. Бирок ошол эле учурда өлкөдө жумушчулардын 70%ы формалдуу эмес сектордо иштегени үчүн төмөнкү маяна алышат. 

Кыргызстандын экономикалык өсүшү негизинен капитал топтоо жана инвестициялардын, айрыкча кен-металл өндүрүш тармагынын эсебинен камсыз болууда. Бирок квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги эмгек рыногунда олуттуу көйгөй жаратып, туруктуу өнүгүүгө тоскоол болууда. Ишканалар өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга жана технологияларды өздөштүрүүгө жөндөмдүү адистерге муктаж.

**Бул маселелерди чечүү үчүн Дүйнөлүк банк бир катар конкреттүү сунуштарды берген:**

> Бизнес жүргүзүү шарттарын жөнөкөйлөтүү;

> Антимонополия мыйзамдарын күчөтүп, мамлекеттик компаниялардын ишин көзөмөлдөө;

> Чет элдик инвестицияларды тартууга тоскоолдуктарды жоюу;

> Соода жана логистикалык инфраструктураны жакшыртуу;

> Адистерди заманбап технологияларга даярдоо.

Мындан тышкары, Кыргызстанда 2025-жылга карата жалпы сугат жерлердин аянты 1 023 миң гектарга жетет бирок, алардын көпчүлүгү оңдоону талап кылат. 2030-жылга чейин 36,9 миң гектар жаңы сугат жерлер өздөштүрүлөт деп пландалууда.