> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# КМШнын ТИМ башчылары  саясий жана экономикалык кызматташтыкты талкуулашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/10/kmshnyn-tim-bashchylary-saiasii-zhana-ekonomikalyk-kyzmattashtykty-talkuulashty/
- Published: 2025-10-10T04:31:21.000Z
- Updated: 2025-10-10T04:31:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Душанбе шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйында делегация башчылары эл аралык маселелерди талкуулап, КМШнын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулашты.

Аны менен катар аймактык коопсуздук маселелерине жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.

Соңунда тышкы иштер министрлери КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана мамлекет башчыларынын кеңешине кароого сунушталуучу бир катар документтердин долбоорлорун жактырышты.

Кийинки КМШнын тышкы иштер министрлеринин жыйыны 2026-жылдын 17-апрелинде Калининград шаарында өтөрү белгилүү болду.