> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак-Талаа районунда сафлордон май чыгаруу завод ачылат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/13/ak-talaa-raionunda-saflordon-mai-chygharuu-zavod-achylat/
- Published: 2025-10-13T12:03:22.000Z
- Updated: 2025-10-13T12:03:22.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылында жакында сафлор майын өндүрүүчү чакан ишкана ачыларын ишкананын жетекчиси Адил Курманалиев “Кабар” маалымат агенттигине билдирген.**

> Анын айтымында, 100 кг сафлорду иштетүүдөн 30 литр май чыгат жана ишкана суткасына 200 литр май өндүрүү кубаттуулугуна ээ.

“Ишкананы ачууга каражат жергиликтүү бюджеттен, айыл өкмөт тарабынан каржыланды. Ишкана айыл өкмөттүн карамагындагы кампада ачылып, айыл өкмөттүн балансында турат. Ишке киргенден кийин келишим менен бизге өткөрүлүп берилет”,- дейт ишкана жетекчиси.

Белгилей кетсек, чакан ишкана айылда 3 жумуш ордун түзүп, дээрлик айыл элин сафлор майы менен камсыздамакчы. 

> 2022-жылы Нарында дыйкандар биринчи ирет сафлор эгип, 131 тонна алгачкы түшүм алышкан. Ошол учурда облуста сафлордон май чыгаруучу завод салуу демилгеси көтөрүлгөн. Болжол менен сафлордун 1 гектарынан 1,5 тонна түшүм алынса, 1 тонна түшүмдөн 300 кг май чыгарууга болот.