> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөгү туризм тармагы акыркы жылдары 3 эсеге өскөн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/13/ysyk-koldoghu-turizm-tarmaghy-akyrky-zhyldary-3-esieghie-oskon/
- Published: 2025-10-13T10:22:06.000Z
- Updated: 2025-10-13T10:58:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Экономика жана коммерция министрлиги жана «2ГИС» компаниясынын анализине ылайык, 2025‑жылдын август айынын аягында курорттук сезон жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл жээгиндеги туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 2019-жылга салыштырмалуу үч эсеге өскөн.**

Министрликтин маалыматына ылайык, 2019-жылы Ысык-Көлдө 360 коомдук тамактануу жайы иштеген болсо, 2025-жылы алардын саны 963кө жеткен.

Эң көп жайлар Караколдо — 170, Чолпон-Атада — 157, Бостериде — 142, Балыкчыда — 84.

Жайгаштыруу тармагында да оң динамика байкалууда. 2019-жылы региондо 627 мейманкана жана конок үйлөрү иштеген болсо, 2025-жылга карата алардын саны 1833кө жеткен.

Жайгаштыруу объектилеринин эң көбү Чолпон-Атада — 377, Бостериде — 336, Караколдо — 196, Балыкчыда — 27.

2019-жылы региондо 219 банкомат жана банктык тейлөө пункту иштеген болсо, 2025-жылы алардын саны 313кө жеткен.

Шаарлар боюнча: Каракол — 100, Чолпон-Ата — 38, Бостери — 10, Балыкчы — 40.

> Экономика жана коммерция министрлигинин жана 2ГИСтин биргелешкен талдоосу туризм чакан жана орто бизнестин күчтүү кыймылдаткычы болуп жатканын, аймактык экономиканын өнүгүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Ысык-Көл облусунун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзүп жатканын тастыктайт.