> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Критикалык мааниге ээ минералдар секторун өнүктүрүү талкууланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/14/kritikalyk-maanighie-ee-minieraldar-siektorun-onukturuu-talkuulandy/
- Published: 2025-10-14T10:34:08.000Z
- Updated: 2025-10-14T10:42:13.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, эксперттик чөйрөнүн жана бизнес коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда “Борбор Азияда критикалык мааниге ээ минералдарды башкаруунун коопсуздугун жана ачыктыгын жогорулатуу» аттуу регионалдык семинар уюштурулду. Бул тууралуу КРнын Экономика жана Коммерция министрлигинен кабарлашты.**

Анын жүрүшүндө, негизги тема катары критикалык мааниге ээ минералдар секторундагы салык саясаты, жоопкерчиликтүү иш жүргүзүү стандарттары, ошондой эле өнөр жай тармагындагы экологиялык тобокелдиктерди баалоо жана азайтуу маселелери козголголду.

> Маалымат үчүн: «Борбор Азияда критикалык мааниге ээ минералдарды башкаруунун коопсуздугун жана ачыктыгын жогорулатуу» аттуу долбоор Улуу Британия Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда. Долбоор Казакстанды, Кыргыз Республиканын жана Өзбекстанды камтыйт.