> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Статком: Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомду түздү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/14/statkom-kyrghyzstanda-zhashoo-minimumu-8-7-min-somdu-tuzdu/
- Published: 2025-10-14T09:46:17.000Z
- Updated: 2025-10-14T09:46:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстанда адам башына эсептелген жашоо минимуму орточо эсеп менен 8 758,60 сомду түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11%га жогорулаганын Улуттук статистика комитетинин сайтында жарыяланды.**

Маалыматка ылайык, жашоо минимуму өлкөнүн бардык аймактарында өскөнү байкалды.

**III** **кварталдагы** **аймактар боюнча жашоо минимуму** *(орто эсеп менен адам башына, айына сом менен)*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/--------------.png)

Өкмөттүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы №694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, андагы азык-түлүк товарларынын үлүшү 65%ды, азык-түлүк эмес товарлар - 16%ды, кызмат көрсөтүүлөр - 17%ды жана салыктар 2%ды түзөт. Азык-түлүк баштыгынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккалды түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокту жана 71 грамм майды камтыйт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/--------------------------2025-10-14----15.22.07.png)