> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл 9 айда ИДПнын көлөмү 1.240 трлн сомго жетти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/15/byiyl-9-aida-idpnyn-kolomu-1-240-trln-somgho-zhietti/
- Published: 2025-10-15T07:27:17.000Z
- Updated: 2025-10-15T07:27:17.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылдын тогуз айында ички дүң продукциянын көлөмү 1,240 триллион сомго жетип 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10 пайызга өскөнүн Улуттук статистикалык комитет билдирди.**

> Быйылкы жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 5,5 пайызды түздү. Тамак-аш азыктар жана алкоголсуз суусундуктар – 6,4%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки – 5,1%га, азык-түлүк эмес азыктар – 3,3%га жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери – 6,3%га жогорулаган.

Өлкөнүн тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-августунда 9 848,1 млн. доллларды түзүп, 2024-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 9,1 пайызга төмөндөгөн. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 23,7 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 5,2 пайызгы азайган.

2025-жылдын январь-августунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 3 349,0 млн доллар болду жана республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (65,7 пайыз) жана Казакстанга (32,1 пайыз) туура келди.