> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# IFAD  Кыргызстан айыл чарбасына 21 млн доллар бөлөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/16/el-aralyk-aiyl-charbasyn-onukturuu-fondu/
- Published: 2025-10-16T09:56:17.000Z
- Updated: 2025-10-16T09:59:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Рим шаарында Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) вице-президенти Донал Браун менен жолукту.**

Министр фондго Кыргызстандын агрардык секторунун өнүгүшүнө кошкон көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, IFADдын Кыргызстан экономикасына салган жалпы инвестиция көлөмү 120 млн доллардан ашат.

> Жолугушууда IFAD тарабынан каржыланган 21 млн долларлык “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – III” жаңы долбоорунун ишке ашырылышы жана IFAD-14 каржылоо циклинин алкагында анын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Кыргыз тарап бул долбоорду тез арада макулдашууга жана 2025-жылдын декабрында IFAD\`дын директорлор кеңешинин кароосуна чыгарууга кызыктар экенин билдирди.

Жолугушуунун негизги маселелеринин бири — IFAD\`дын расмий өкүлчүлүгүн Бишкек шаарында ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо болду.