> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кеминде бир гектардан 80 тоннага чейин кант кызылчасы алынып жатат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/16/kiemindie-bir-ghiektardan-80-tonnagha-chieiin-kant-kyzylchasy-alynyp-zhatat/
- Published: 2025-10-16T07:29:11.000Z
- Updated: 2025-10-16T07:29:11.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кемин районунда дыйкандар гектарынан 80 тоннага чейин кант кызылчасын алып жатканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдирди.** 

Министрликтин билдиришинче, аталган райондо быйыл жалпы 884 гектар аянтка кант кызылчасы айдалган.

Аймактагы дыйкандардын бири 4 гектар аянтка кызылча айдап, 4 жолу сугаргандан кийин гектарынан 80 тоннадан түшүм алып жатканын айтат. 

Аймакта ушул тапта Айыл чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан "3+2+1" долбоорунун алкагында талаа иштерине мониторинг жүргүзүлүп жатат.