> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда канча кен байлык казуучу жай бар?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/16/kyrghyzstanda-kancha-kien-bailyk-kazuuchu-zhai-bar/
- Published: 2025-10-16T03:46:10.000Z
- Updated: 2025-10-16T04:54:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Марат Жусупбеков Эл аралык тоо форумунда минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жана баалуу металлдарды өндүрүүнү көбөйтүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлорду тааныштырды.**

Анын айтымында, тоо кен өндүрүү тармагы Кыргызстан экономикасы үчүн негизи тармактардын бири катары калат. Алтынга болгон дүйнөлүк баанын жогорулоо фонунда алтын кендерине болгон кызыкчылык чоң. 

> Мамлекеттик баланста азыр пайдалуу кен байлыктардын 51 түрү боюнча 1 000ден ашык кен казылуучу жайлар бар. “Минералдык-сырьелук база өнөр жай туруктуулугуна, жумуш орундарынын деңгээлине жана инфраструктуранын өнүгүшүнө түздөн түз таасир этет. Акыркы жылдарда эле тоо кен секторунан 218 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн”, - дейт М.Жусупбеков. 

Буга улай ал тоо кен тармагынын өнүгүшү мамлекеттин, бизнестин, илимдин жана жергиликтүү коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн болушу керектигин баса белгиледи.