> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Статком: ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалар жана тарифтер жогорулаган
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/16/statkom-ieaeb-olkolorundo-baalar-zhana-tariftier-zhoghorulaghan/
- Published: 2025-10-16T11:45:01.000Z
- Updated: 2025-10-16T11:45:01.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**2025-жылдын сентябрында өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБге мүчө бардык өлкөлөрдө керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган. Ал эми Кыргызстанда баанын өсүшү (0,4%га) белгиленди.**

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/--------------1.png)

2025-жылдын сентябрында 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (10,0 %) Казахстан Республикасында катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (9,9 %га), азык-түлүк эмес товарларга (8,0 %га), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (11,9 %га) жогорулашы менен шартталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/--------------2.png)