> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# KT&G компаниясы Кыргызстандагы инвестицияларын кеңейтүүгө кызыкдар
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/17/kt-g-kompaniiasy-kyrghyzstandaghy-inviestitsiialaryn-kienieituugho-kyzykdar/
- Published: 2025-10-17T05:59:22.000Z
- Updated: 2025-10-17T05:59:22.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түштүк Кореянын KT&G корпорациясынын президенти Бан Кен Манг менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан маалымдашты.** 

Жолугушууда тараптар KT&Gнин Кыргызстандагы инвестицияларын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде фармацевтика, косметика жана кыймылсыз мүлк тармактарындагы жогорку технологиялык долбоорлорду талкуулашты. Министр компанияны өлкөдө фармацевтикалык өндүрүш куруу аркылуу инвестиция салууга чакырды.

Бан Кен Манг KT&Gнин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Тараптар бул жолугушууну эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаңы этабы деп баалашты.

> Маалымат үчүн: KT&G — 100 жылдан ашуун тарыхы бар, Түштүк Кореянын алдыңкы корпорацияларынын бири. Компания тамеки, фармацевтика, женьшень өстүрүү, косметика жана кыймылсыз мүлк тармактарында ишмердүүлүк жүргүзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-------------2-2.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-------------5.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/------------3.png)