> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан курулуш тармагында чет элдик инвестицияларды күчөтөт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/17/kyrghyzstan-kurulush-tarmaghynda-chiet-eldik-inviestitsiialardy-kuchotot/
- Published: 2025-10-17T04:15:18.000Z
- Updated: 2025-10-17T04:15:18.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Кечээ, Курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов Корея Республикасынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.**

Жолугушуунун негизги максаты — инвестициялык климатты жакшыртуу, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу жана курулуш тармагына инновациялык чечимдерди киргизүү.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2024-жылдын 5-июнунда кабыл алынган №70-чуа жобосу талкууланды. Ага ылайык, Курулуш министрлиги Россия, Кытай, Корея, Япония, АКШнын, ошондой эле Европа Биримдигинин еврокоддорунун курулуш стандарттарын тааныйт.

Бул жобо кабыл алынгандан бери техникалык кеңеш 23 инвестициялык долбоорду карап чыгып, жактырган. Ченемдик акт макулдашуу процесстерин жөнөкөйлөштүрүп, чет элдик өнөктөштөрдүн Кыргызстандагы курулуш тармагына ишенимин бекемдөөгө жана инвестицияларды көбөйтүүгө шарт түздү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/------1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/------2.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/------4.jpg)