> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан Швейцария менен финансылык байланыштарды бекемдейт
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/17/kyrghyzstan-shvieitsariia-mienien-finansylyk-bailanyshtardy-biekiemdieit/
- Published: 2025-10-17T04:00:44.000Z
- Updated: 2025-10-17T04:00:44.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Эл аралык валюта фонду менен Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйынында Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегель менен жолукту. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.**

> Тараптар учурдагы экономикалык кырдаалды, глобалдык финансылык рыноктогу өзгөрүүлөрдү жана макроэкономикалык саясатты координациялоо маселелерин талкуулашты. Ошондой эле акча-кредит саясаты жана эл аралык резервдерди башкаруу боюнча пикир алмашышты.

Жолугушууда Эл аралык валюта фондунун алкагындагы Швейцария тобунун өлкөлөрү ортосундагы кызматташуунун мааниси белгиленип, келечекте өз ара позицияларды координациялоо жана тажрыйба алмашууну улантуу макулдашылды.