> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Прокуратура бухгалтерлери жаңы автоматташтырылган системаны үйрөнүштү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/17/prokuratura-bukhghaltierlieri-zhany-avtomattashtyrylghan-sistiemany-uironushtu/
- Published: 2025-10-17T11:50:49.000Z
- Updated: 2025-10-17T11:51:48.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**КРнын прокуратура органдарында финансылык ишмердүүлүктү өркүндөтүү жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында, Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясында «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» автоматташтырылган системасына киришүү боюнча тренинг өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.**

Окууга республиканын бардык аймактарынан прокуратура органдарынын бухгалтерлери катышып, системанын теориялык жана практикалык мүмкүнчүлүктөрүн өздөштүрүштү. Алар бирдиктүү маалыматтык чөйрөдө эсеп жүргүзүүнү, отчет түзүүнү, эмгек акыны эсептөөнү жана бюджеттик каражаттарды көзөмөлдөөнү үйрөнүштү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/57.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/58.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/---------------5.png)