> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Улуттук банк: Алтындын наркы 5 миң сомго жогорулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/17/uluttuk-bank-altyndyn-narky-5-min-somgho-zhoghorulady/
- Published: 2025-10-17T03:48:18.000Z
- Updated: 2025-10-17T03:48:18.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**Кыргызстанда алтындын унциясынын баасы бир күндө 5 миң сомго жогорулады.**

Улуттук банктын маалыматына ылайык, бүгүн алтын куймаларынын унциясынын (31,1035 г) кайра сатып алуу баасы 375 миң 261,5 сом деп белгиленди.

Кечээ бул көрсөткүч 370 миң 246 сом болгон. Ошентип, бир күндүн ичинде алтындын унциясы 5 миң 15,5 сомго кымбаттады.  
Ал эми бүгүн Улуттук банк алтын куймаларынын унциясын 380 миң 890,5 сомдон сатып жатат.