> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 25 миң тонна кытай картошкасы кайра артка кайтарылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/20/25-min-tonna-kytai-kartoshkasy-kaira-artka-kaitaryldy/
- Published: 2025-10-20T04:51:32.000Z
- Updated: 2025-10-20T04:51:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка Кыргызстанга киргизилбей артка кайтарылганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. 

 "Эркечтам" карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунан Кытайдан келе жаткан 25 миң тоннадан ашык продукциянын фитосанитардык сертификаты талапка жооп бербегендиги аныкталган.

 Аталган факты боюнча, КРнын "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" мыйзамынын жана Евразия экономикалык бирлигинин Комиссиясынын № 318 чечиминин талаптарына ылайык, продукция Кыргызстандын аймагына киргизилбей кайра артка кайтарылды.

Бул иш-аракет "Эркечтам" карантиндик фитосанитардык өткөрмө пунктунун кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде жүргүзүлгөнү айтылат маалыматта.