> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Борбор Азия парламент өкүлдөрү айлампа экономиканы талкуулашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/20/borbor-aziia-parlamient-okuldoru-ailampa-ekonomikany-talkuulashty/
- Published: 2025-10-20T10:54:12.000Z
- Updated: 2025-10-20T10:54:12.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Экономика

**13–14-октябрда Алмата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламент өкүлдөрүнүн айлампа экономика маселелери боюнча Экинчи региондук диалогу болуп өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Иш-чара EU SWITCH-Asia программасы жана Борбор Азиянын аймактык экологиялык борбору (CAREC) тарабынан уюштурулду.

Диалогго Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын парламенттери, министрликтер, эл аралык уюмдар, эксперттер жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. 

Жолугушуунун негизги максаты — айлампа экономика боюнча өнөктөштүк программасын илгерилетүү жана парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө болду.

Катышуучулар туруктуу өндүрүш жана керектөө боюнча улуттук жана чек аралык долбоорлорду талкуулап, Кыргызстандын демилгелерин камтыган сунуштарды макулдашты. Ошондой эле айлампа экономика боюнча парламенттер аралык платформаны түзүү жөнүндө меморандумдун жаңыртылган долбоору каралды.

Делегациялар Алматадагы Green City турак жай комплекси жана First Recycling заводуна барып, айлампа экономика принциптери боюнча практикалык тажрыйба менен таанышышты.