> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан 5 жылда 131 тонна, 2025-жылдын 9 айында 17 тонна алтын өндүрдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/20/kyrghyzstan-5-zhylda-131-tonna-2025-zhyldyn-9-aiynda-17-tonna-altyn-ondurdu/
- Published: 2025-10-20T06:16:50.000Z
- Updated: 2025-10-20T06:16:50.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, Кыргыз геологиялык кызматынын директору Марат Жусупбеков акыркы 5 жылда Кыргызстанда 131 тонна алтын өндүрүлсө, анын 17 тоннасы 2025-жылдын 9 айында өндүрүлгөнүн билдирди.** 

Анын айтымында, бул көлөмдүн 6 тоннасы Кумтөргө таандык. Бирок, атамекендик кайра иштетүү болбогондуктан толлингдик макулдашуу алкагында курамында алтын бар концентрат сыртка экпорттолуп, кайра Кыргызстанга кайра иштетүү боюнча даяр продукция түрүндө кайтып келет. 

> 2025-жылдын 25-сентябрына карата курамында 5 тонна алтын, 7 тонна күмүш, 6000 тонна жез бар 95 тонна кургак концентрат өндүрүлгөн. 

Мындан сырткары, Жусупбеков 2025-жылдын 1-январында мамлекеттик балансында эске алынган жана геологиялык чалгындоо стадиясында турган 1000 тоннадай алтын кору бар экенин билдирген. 

> 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик баланста төмөнкү кен өндүрүү көлөмү катталган: 

> алтын – 5,8 тонна;

> алтын аралашкан кум – 57 кг;

> күмүш – 3500 тонна;

> жез – 6500 тонна;

> көмүр – 4,5 млн тонна;

> коргошун – 101 000 тонна;

> цинк – 112 000 тонна. 

- Министрдин орун басарынын билдиришинче, мындан сырткары инвеситициялык активдүүлүк алкагында 2025-жылы 40 кен казып алуу объектиси боюнча аукцияон өткөрүү пландалып, учурда анын 26сы ийгиликтүү жүргүзүлгөн. Бул өлкө казынасын 1,6 млн сомго толтурууга шарт түзгөн.