> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан тышкы соода жүгүртүүсүндө кандай жылыштар бар?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/20/kyrghyzstan-tyshky-sooda-zhughurtuusundo-kandai-zhylyshtar-bar/
- Published: 2025-10-20T03:54:55.000Z
- Updated: 2025-10-20T03:54:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бишкекте Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чарада МинКаб төрагасы А.Касымалиев Тышкы соодада үчүнчү өлкөлөр менен товар жүгүртүү 5,7 млрд долларды түзүп, Өзбекстан менен болгон соода карым-катнашыбыз январь-июль айларынын жыйынтыгы менен 20%га көбөйгөнүнө токтолду.** 

> “Мындан тышкары биздин товарларга Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттарынын кызыгуусу өстү. Корея менен болгон экспорт 14%га көбөйсө, ал эми Эмираттар менен болгон экспорт 17%га өстү”, — деди ал. 

> “Ички азык-түлүк коопсуздук камсыздалмайынча элди багуу кыйын. Азыр Кыргызстан эң зарыл 9 азыктын алтоосу менен өзүн өзү камсыздай алат. Биз ЕЭКтин өкүлдөрү менен жолукканда дайыма өлкөлүк долбоорлорду жылдырууга аракет жасайбыз. Анткени өзүн-өзү камсыздоо жагынан Казакстан 87%, Кыргызстан 74%, Армения 67%ды түзөт”, — деди ал.

Мындан тышкары А.Касымалиев, 2025-жылы 28 ишкана ишке кирип, жыл аягына чейин дагы 35 жаңы ишкана ишке кирээри да айтты.