> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандан биринчи жолу Японияга 1,6 тонна ашкабак үрөнү экспорттолду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/20/kyrghyzstandan-birinchi-zholu-iaponiiagha-1-6-tonna-ashkabak-uronu-eksporttoldu/
- Published: 2025-10-20T03:25:21.000Z
- Updated: 2025-10-20T03:25:21.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстан СССРден бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болгону биринчи жолу Японияга 1,6 тонна ашкабак үрөнүн экспорттогону Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада айтылды.**

> Ал иш чарада Кыргызстандан Россияга 40 тонна беденин үрөнү экспорттолуп, быйыл биринчи жолу Жайыл районунда помидордун түшүмдүүлүгү гектарынан 120 тоннага жетип, дүйнөлүк рекордго чыкканы да баса белгиленди. 

> Андан сырткары, быйыл 362 миң центнер күрүч, 9,4 млн центнер картошка, 623 миң центнер буурчак, 2,8 млн центнер мөмө-жемиш жыйналганы да айтылды. Ошондой эле быйыл жалпы 585 миң гектар жерге дан эгиндери айдалганы маалым болду. 

 Иш чарада, айтылгандай 2025-жылдын сегиз айында агроөнөр жай комплексинин дүң продукциясынын көлөмү 252,5 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2,4%га көбөйгөн.