> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан сентябрда Кытайга 11,6 миң тонна көмүр экспорттоду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/22/kitaika-kyrghyzstana-komuru/
- Published: 2025-10-22T05:15:05.000Z
- Updated: 2025-10-22T11:50:02.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Ушул жылдын сентябрь айында Кытайга Кыргызстан көмүрү эң көп экспорттолгону Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын маалыматтарында чагылдырылды.** 

> Ал маалыматта сентябрь айында Кытайга 11,6 миң тонна, июль айында 8,3 миң тонна көмүр экспорттолгону көрсөтүлгөн. Мунун өзү Кытай тараптын кыргыз көмүрүнө суроо-талаптын өсүп жатканын айтып турат. 

Бирок мындай жылдык максимумга карабай жылдык эсеп менен алганда 2024-жылга караганда быйыл Кытайга болгон көмүр экспорту 6,3%га азайган. Эксперттердин айтымында, өткөн жылдагыдан артта калууну акырындап теңдеп, жолго койсо болот.