> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан 7 айда Өзбекстандан 1,2 миң тонна алма импорттоду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/22/kyrghyzstan-7-aida-ozbiekstangha-1-2-min-tonna-alma-importtodu/
- Published: 2025-10-22T05:31:01.000Z
- Updated: 2025-10-24T03:22:51.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**2025-жылдын 7 айында Кыргызстан Өзбекстандан 1,2 миң тоннадан ашык алма импорттогонун “Кабар” маалымат агенттиги жазды.** 

Өзбекстандын Статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул мезгил аралыгында өлкө жалпы 22,6 миң тонна алманы 10 мамлекетке экспорттогон. 

> Маалыматта белгиленгендей, Өзбекстандын алмасы негизинен Россияга (10 721 тонна) жана Казакстанга (10 098 тонна) жөнөтүлгөн. Кыргызстанга 1 275 тонна, Түркмөнстанга 167,4 тонна, Иракка 164,3 тонна жана башка өлкөлөргө 192,2 тонна алма экспорттолгон.