> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда инфляция темпи ылдамдашы мүмкүн
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/22/kyrghyzstanda-infliatsiia-tiempi-yldamdashy-mumkun/
- Published: 2025-10-22T06:14:32.000Z
- Updated: 2025-10-22T06:14:32.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Евразиялык туруктуулук жана өнүгүү фондунун(ЕТӨФ) докладында күйүүчү-майлоочу майлардын (КММ) кымбатташы Кыргызстандагы инфляциянын жогорулашын ылдамдатышы мүмкүн экени жарыяланды.** 

Фонддун болжолдуу маалыматтары боюнча Кыргызстанда инфляция март айында 6,9%га, июнда 8%га, июлда 8,8%га өскөн. 

“Күйүүчү-майлоочу майлардын, айрыкча бензин менен дизелдик майдын баалары июлда 1,9%га жогорулаган. Бензин менен дизелдик майдын 80%ы сырттан, тагыраагы 74%ы Россиядан, 21%ы Казакстандан келет”,-делет докладда. 

ЕТӨФтүн ар күн сайын чыгуучу мониторингинде Кыргызстандагы КММнын баасы Россиядагы баалардын өсүшүнө тыгыз байланышканын жана инфляциянын ылдамдашы толук мүмкүн экени көрсөтүлгөн.