> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга "жашыл" инвестицияларды тартуу маселелери каралды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/23/kyrghyzstangha-zhashyl-inviestitsiialardy-tartuu-masielielieri-karaldy/
- Published: 2025-10-23T04:03:39.000Z
- Updated: 2025-10-23T11:35:48.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бишкекте Кыргызстанда экологиялык таза инвестицияларды тартуу стратегиялары жана Париж келишиминин 6-беренесин колдонуу аркылуу көмүртек кредиттеринин мүмкүнчүлүктөрү талкууланган семинар болуп өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.**

Иш-чарада катышуучуларга Париж келишиминин 6-беренеси жана көмүртек кредиттери боюнча практикалык колдонмо сунушталып, бул механизмдердин колдонулушу, мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди.

> Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Глазгодо өткөн климат боюнча конференцияда өлкөнүн 2050-жылга чейин углероддук нейтралдуулукка жетүү жана 2030-жылга чейин парник газдарын 44%га кыскартуу максатын белгилегенин эске салды.

Уюштуруучулардын айтымында, көмүртек рыногуна толук кандуу катышуу жана эл аралык “жашыл” инвестицияларды тартуу үчүн улуттук деңгээлдеги институттар, координациялык органдар жана эл аралык ведомстволордун кызматташуусу маанилүү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/--------------------------------1.jpeg)