> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Акбагышева: "Аялдардын катышуусу жок экономиканын өнүгүшү мүмкүн эмес"
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/24/akbaghyshieva-aialdardyn-katyshuusu-zhok-ekonomikanyn-onughushu-mumkun-emies/
- Published: 2025-10-24T09:44:46.000Z
- Updated: 2025-10-24T09:50:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Бүгүн, Бишкекте өтүп жаткан “Экономиканын туруктуу өнүгүүсү үчүн өнөктөштүк: Россия жана Кыргызстандын аялдарынын форум-диалогу” алкагында өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсү жана аялдардын ага кошуп жаткан салымы тууралуу актуалдуу маселелер талкууланды.** 

Кыргызстандагы “Росатом” Мамлекеттик корпорациясынын өкүлчүлүгүнүн башкы директору Дмитрий Константинов өз сөзүндө өлкөнүн экономикасындагы акыркы оң өзгөрүүлөргө жана аялдардын ага кошуп жаткан салымына токтолду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-----------------.webp)

Анын айтымында, акыркы мезгилде Кыргызстандын экономикасы тездик менен өсүп, Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн арасында жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүүдө. Евразия өнүктүрүү банкынын ушул жылдагы (январь–сентябрь) маалыматына ылайык, Кыргызстандын экономикасы 10%га өскөн.

Ал өз сөзүндө, Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшү көпчүлүктүн көңүлүн бурганын жана бул өсүштүн артында аялдардын активдүү катышуусу да чоң роль ойногонун баса белгиледи:

> “Аялдар конгресси өлкөдө аялдардын саясий жана экономикалык активдүүлүгүн арттырууда маанилүү аянтчага айланды”, - деди Дмитрий Константинов.

Өз кезегинде Кыргызстандын Аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева дааялдардын экономикадагы орду жана алардын жогорку технологиялар тармагындагы катышуусу тууралуу ой бөлүштү.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-----------1-1.webp)

> “Чынында эле, аялдардын катышуусу жок экономиканын өнүгүшү мүмкүн эмес. Жогоруда айтылган 10%дык өсүштүн ичинде аялдардын эмгеги чоң. Совет мезгилинде аялдардын илимий изилдөөлөргө, инженердик жана инновациялык тармактарга катышуусу өтө жогору болгон. Бүгүн да бул салт уланып келет. Азыр бизде 2030-жылга чейин пландалган гендердик теңдик боюнча улуттук программа, ошондой эле 2026-жылга чейинки Аялдар ишкердигин өнүктүрүү боюнча улуттук программаларыбыз бар. Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан бардык гендердик саясаттар экономика, билим берүү, маданият жана коомдук турмуштун бардык тармактарына терең сиңген”, - деди Замира Акбагышева.

Ошондой эле ал санариптик өнүгүүнүн маанисин, аялдардын инновациялык жана технологиялык тармактардагы активдүүлүгүн, илим жана изилдөө жаатындагы аялдардын ролун жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/--------------------1.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/---------------3.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/----------------------.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-----------2.webp)

Форумдун негизги максаты – Россия менен Кыргызстандын аялдарынын ортосундагы экономикалык жана социалдык кызматташтыкты кеңейтүү, аялдардын инновациялык, илимий жана бизнес тармактарындагы мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу болуп саналат. 

Иш-чара эки өлкөнүн аялдары үчүн жаңы өнөктөштүк багыттарын аныктоого, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө алардын ордун күчөтүүгө жана гендердик теңчилик саясатын иш жүзүндө колдоого багытталган маанилүү диалогдук аянтча катары бааланууда.