> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Берлинде кыргыз-немис инвестициялык кызматташтыгы талкууланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/27/bierlindie-kyrghyz-niemis-inviestitsiialyk-kyzmattashtyghy-talkuulandy/
- Published: 2025-10-27T11:49:37.000Z
- Updated: 2025-10-27T11:49:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Өткөн аптада экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Германия Федеративдик Республикасынын Бундестагынын депутаты Шлефан Майер жана Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдик Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Моника Ленхард менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.** 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-немис экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле «Кыргызстандын улуттук экономика күнү Германияда» аттуу бизнес-форумга жана 27–29-ноябрда Берлинде өтө турган 5-Бизнес кеңешинин даярдыгы каралды.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдирди.