> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан балы IV Эл аралык бал фестивалында жогору бааланды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/27/kyrghyzstan-baly-iv-el-aralyk-bal-fiestivalynda-zhoghoru-baalandy/
- Published: 2025-10-27T10:45:37.000Z
- Updated: 2025-10-27T10:45:37.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Кыргызстандык балчылары Наманган шаарында 24–26-октябрь күндөрү өткөн IV Эл аралык бал фестивалына катышып, аларды алып барган продукциялары жергиликтүү тургундардын, фестиваль катышуучуларынын мактоосуна арзыганын “Кабар” мааымат агенттиги жазды.**

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан келген балчылар экологиялык таза тоо балынын жана аарычылык продукцияларынын түрлөрүн көрсөтүштү.

Наманган облусунун хокимиятынын маалыматына ылайык, Кыргызстандын балына болгон кызыгуу жогору болуп, керектөөчүлөр арасында чоң суроо-талап жаралган. Фестивалдын алкагында илимий-практикалык конференциялар, спорттук мелдештер, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү жана концерттик программалар уюштурулду.

> Быйылкы иш-чарага 150дөн ашуун жергиликтүү жана чет элдик бал аарычылар катышып, фестивалды 2,5 миңге жакын чет элдик жана 10 миңге чейин жергиликтүү туристтер көрүштү.