> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кайра иштетүү өнөр жайы 9 айда 74,9 млрд сомдук продукция өндүрдү
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/28/kaira-ishtietuu-onor-zhaiy-9-aida-74-9-mlrd-somduk-produktsiia-ondurdu/
- Published: 2025-10-28T09:05:53.000Z
- Updated: 2025-10-28T09:05:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Үстүбүздөгү жылдын январь–сентябрь айларында өлкөдө 434 ири жана орто, ошондой эле 11 245 чакан ишканалар катталган. Алардын ичинен 301 кайра иштетүү ишканасы, 38 соода-логистикалык борбору жана 264 жашылча-жемиш кампасы иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Кайра иштетүү өнөр жайынын жалпы продукциясынын көлөмүндө тамак-аш азыктарынын, суусундуктардын жана тамекинин үлүшү 18,8%ды түздү.

Алдын ала эсеп боюнча, 2025-жылдын январь–сентябрь айларында бул тармакта 74,9 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөм индекси 140,1% болду. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилиндеги 62,6 млрд сом жана 121,9% менен салыштырганда олуттуу өсүштү көрсөтүүдө.