> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кытай, Казакстан чек арасында 3 миң вагон буудай топтолду
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/28/kytai-kazakstan-chiek-arasynda-3-min-vaghon-buudai-toptoldu/
- Published: 2025-10-28T11:36:18.000Z
- Updated: 2025-10-28T11:36:18.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Транспорт

**Кытай менен Казакстан чек арасында экспорттук жана транзиттик буудай менен 3 миң вагон топтолгонун “Казакстан Темир жолу”(КТЖ) компаниясы билдирди. Буга Кытай бажысынын дан жүктөрүн кабыл алууну кескин кыскартып жибергени себеп болгон.** 

КТЖнын билдиришинче, Кытайдын тиешелүү органдары дан жүктөрүн дыкаттык менен текшерип, буудайды Үрүмчү, Пекин лабораторияларынан өткөрүү тартибин киргизишкен. Мындай текшерүү 5 суткадан 10 суткага чейинки убакытты алат. 

“Эл аралык чек арада 3 миң вагондун топтолушу кыймылдуу курамдын нормативдик санынан ашып кетет. Ошол эле кезде бул вагон курамдарды кабыл алуу Кытай тарап менен мурда келишилген болчу”,- делет КТЖ маалыматында. 

Вагон тыгындарын болтурбай, стабилдүү жана коопсуз ишти камсыз кылуу үчүн КТЖ убактылуу айрым экспорттук дан жүктөрүн суткасына үчөөнү гана кабыл алууга өткөн.