> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы ишкерлер менен ЕАЭБ алкагында экспортту талкуулады
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/28/salyk-kyzmaty-ishkierlier-mienien-ieaeb-alkaghynda-eksporttu-talkuulady/
- Published: 2025-10-28T11:54:30.000Z
- Updated: 2025-10-28T11:54:30.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков экспорттоочулар жана кайра экспорттоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.** 

Иш-чаранын максаты — ЕАЭБ алкагында товарларды экспорттоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана ишкерлерди колдоо. Катышуучуларга чек арадан өтүү, коштомо документтерди даярдоо, шайкештик сертификаттарын алуу жана электрондук эсеп-фактуралар боюнча практикалык сунуштар берилди.

Жолугушууга Экономика жана коммерция министрлиги, Бажы кызматы, Соода-өнөр жай палатасы жана «Кыргыз Экспорт» борборунун өкүлдөрү катышып, экспорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын айтышты.

> Кубанычбек Ысабеков ишкерлерге: «ЕАЭБ алкагында бизнес жүргүзүүнүн мыйзамдуу жана ачык-айкын шарттарын камсыздоо — улуттук экономиканын кызыкчылыгы», — деп белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/01-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/02-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/04.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/05.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/06.jpeg)