> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жети облуста кургак портторду куруу пландалып жатат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/28/zhieti-oblusta-kurghak-porttordu-kuruu-plandalyp-zhatat/
- Published: 2025-10-28T09:39:42.000Z
- Updated: 2025-10-28T09:39:42.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Транспорт

**Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов KyrgyzTransLogistic 2025 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагындагы панелдик сессияда Кыргызстанда транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде өлкөнүн ар башка региондоруна кургак портторду куруу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди.**

Анын айтымында, учурда Ат-Башыда кургак порт куруу долбоору ишке ашып жатыптыр жана ошондой эле мындай долбоор Ивановка айылында иштелип жатат. Кийинки жылдарда “Кыргыз почтасы” жана башка уюмдар менен кызматташуу аркылуу мындай порттор жети облуста тең курулуш керектигин баса белгилейт мамчиновник. 

Кургак порт – бул деңиз порту менен автомобиль жана темир жолдору менен байланышкан ички терминал. Ал товарларды сактоо, кайра иштетүү жана бажылык каттоо кызматтарын сунуштоо менен деңиз портунун кургакта жүктөрдү бир жерден экинчи жерге жеткирүү функциясын аткарат. Бул өз кезегинде логистикага кеткен убакытты жана чыгымдарды азайтып, деңиз портторун бошотот жана шаардын транспорт инфраструктурасындагы чыңалууну азайтат.