> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Касымалиев: Кыргызстандын ИДПсы 2030-жылга чейин 30 млрд долларга жетет
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/30/kasymaliiev-kyrghyzstandyn-idpsy-2030-zhylgha-chieiin-30-mlrd-dollargha-zhietiet/
- Published: 2025-10-30T09:32:41.000Z
- Updated: 2025-10-30T09:32:41.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Улуттук өнүктүрүү форумунда өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүндө акыркы жылдары олуттуу жылыштар болгонун белгиледи. Бул тууралуу Өкмөттун басма сөз кызматынан билдиришти.** 

> “Акыркы үч жылда орточо экономикалык өсүү 9%дан ашты. 2025-жылдын 9 айында ИДПнын өсүү темпи 10%га жетти. 2024-жылы ИДПнын көлөмү 1,5 триллион сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. Ал эми 2025-жылдын аягына карата бюджеттик ресурстар 1 триллион сомго жетет”, — деди Касымалиев.

Ал ошондой эле, президент Садыр Жапаров бекиткен 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы— экономиканы бекемдөө, элдин жашоо сапатын жогорулатуу жана башкаруу системасын жаңылоого багытталганын белгиледи.

Программанын негизги максаттары:

> Калктын жан башына ИДПны 4 500 долларга чейин жеткирүү;

> ИДП көлөмүн 30 млрд доллардан кем эмес деңгээлде камсыз кылуу;

> Орточо жылдык реалдуу өсүштү 8% деңгээлде сактоо;

> Адамдык өнүгүү индексин жогорулатуу жана жумушсуздукту 5%дан төмөн кармоо.

Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн 919 иш-чараны камтыган беш жылдык план даярдалууда.

“Ар бир чара мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнө жана элдин жыргал жашоосуна кызмат кылууга тийиш. Кыргызстан гүлдөп-өнүгүүнүн жаңы этабына өтүүгө толук даяр”, — деди жыйынтыгында Адылбек Касымалиев.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/22-5.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/33-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/44.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/55.jpeg)