> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенге 250 мегаваттык күн электр станциясы курулат
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/31/bat/
- Published: 2025-10-31T08:29:09.000Z
- Updated: 2025-10-31T08:29:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен Кытайдын States Technology Co., Limited жана «Сан Энерджи Ко» компаниялары ортосунда Баткенге 250 МВттык күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык келишимге кол коюлду.** 

> Тагыраагы, Баткен облусунун Ак-Турпак айыл аймагына жалпы 669,3 гектар жерге 250 МВттык күн электр станциясы курулат. Аталган станцияны куруу иштерин 2025-жылы баштап, 2027-жылы ишке киргизүү пландалган. 

 Бул долбоор ишке ашырылса Ак-Турпак аймагынын тургундарын электр энергиясы менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.