> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Борбор Азия өлкөлөрү Дүйшөмбүдө соода жол-жоболорун санариптештирүүнү талкуулашты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/31/borbor-aziia-olkoloru-duishombudo-sooda-zhol-zhobolorun-sanariptieshtiruunu-talkuulashty/
- Published: 2025-10-31T05:19:52.000Z
- Updated: 2025-10-31T05:19:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Борбор Азиянын Улуттук комитеттеринин (СЖЖУК) кезектеги 14-аймактык жыйыны өткөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.** 

Иш-чара Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (BMZ) жана GIZ тарабынан «Борбор Азияда соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Жыйында Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн министрликтеринин, ведомстволорунун, жеке сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, региондогу соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана санариптештирүү багытындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Кыргызстандык делегация өзүнүн тажрыйбасын, жетишкендиктерин жана бизнести реформаларга тартуунун ийгиликтүү мисалдарын сунуштады. Иш-чаранын алкагында санариптештирүү, кагазсыз соода, транспорттук-транзиттик системаларды өркүндөтүү жана электрондук фитосанитардык сертификаттарды (ePhyto) киргизүү боюнча жумушчу топтор талкууларды өткөрдү.

> Жыйындын максаты — соода процесстерин эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү, аймактык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу болуп саналат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/--------------1-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/--------------2-2.jpeg)