> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан 10 жыл ичинде Дүйнөлүк банктан канча каражат алган?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/31/kyrghyzstan-10-zhyl-ichindie-duinoluk-banktan-kancha-karazhat-alghan/
- Published: 2025-10-31T07:36:47.000Z
- Updated: 2025-10-31T07:36:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, Гранттар жана кредиттер

**2014-жылдан 2024-жылга чейин Кыргызстан Эл аралык өнүгүү ассоциациясынан жана Дүйнөлүк банктан жалпы 1,5 млрд доллар суммасында грант, жеңилдетилген насыя алганын КРнын Финансы министрлиги билдирди.** 

> Мунун 594,3 млн доллары грант болсо, а 956,6 млн доллары көп жылдык мөөнөткө берилген жеңилдетилген насыя. Пайыздык катнашта келтирсек алынган каражаттардын 44%ы грант, 56%ы кредит. 

***Каржылоо өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү приоритеттүү тармактарды камтыган. Алар:***

Инфраструктура жана транспорт ­– каражаттын жалпы көлөмүнүн 20%ы, анын ичинде аймактык жолдорду жакшыртуу жана шаардык өнүктүрүү долбоорлору бар.

Энергетика – САSA-1000, электр тармактарын модернизациялоо менен кайра калыптануучу энергия булактарын өнүктүрүү долбоорлорун кошкондо 18 пайыз.

Айыл чарбасы жана суу менен камсыздоо – ирригация боюнча программалар, суу менен камсыздоо жана агрардык кластерлер боюнча программаларды кошкондо 25%. 

Билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоо – “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун, соцжардам системасы менен саламаттык сактоону бекемдөө долбоорлорун кошкондо 20%.

Санариптештирүү жана өзгөчө кырдаалдар тобокелчиликтерин башкаруу – Digital CASA жана жаратылыш кырсыктарына турктуулукту жогорулатуу боюнча демилгелерди кошо алганда 10%.