> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруучу жайлар жабылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/31/oto-myizamsyz-ishtieghien-akcha-almashtyruunu-zhailar-zhabyldy/
- Published: 2025-10-31T08:03:09.000Z
- Updated: 2025-10-31T08:03:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Ошто УКМ жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында “Достук-автожол” көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагында лицензиялары жок валюта алмаштыруу жайларынын ишмердүүлүгү токтотулду.**

> Текшерүү убагында көзөмөл өткөрүү пунктуна жанаша жайгашкан аймакта валюта алмаштырган116 пункт аныкталып алардын 84үнүн тиешелүү лицензиясы жок болуп чыккан.

 Жогоруда аталган акча алмаштыруу жайларында массалык тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада 66 млн 490 миң 671 сом, 941 миң 360 АКШ доллары, 3 млрд 635 млн 527 миң 600 өзбек суму, 3 млн 531 миң 200 казак теңгеси, 66 млн 729 миң 142 орус рубли, 170 тажик сомониси, 29 миң 890 түрк лирасы, 23 миң 361 евро, 53 миң 920,5 кытай юаны конфискацияланып, акча алмаштыруу жайлары жабылган.