> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы Кыргызстанда зергерчиликти өнүктүрүүгө кызыкдар
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/10/31/salyk-kyzmaty-kyrghyzstanda-zierghierchilikti-onukturuugho-kyzykdar/
- Published: 2025-10-31T03:58:42.000Z
- Updated: 2025-10-31T04:11:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Алпаслан Жейландын чакыруусу боюнча иш сапары менен Түркия Республикасында болду. Сапардын жүрүшүндө Салык кызматынын төрагасы Түркиянын алдыңкы зергерчилик борборлорунун бири, белгилүү Кахраманмараш шаарынын зергерчилик тармагы менен таанышты.**

> Ал жерден зергерлер палатасынын өкүлдөрү менен жолугушуп, квалификациялуу зергер адистерди даярдоо жана бул тармактагы техникалык тажрыйба алмашуу маселелери талкуулады. Салык кызматынын төрагасы Кыргыз-Түрк "Манас" университети менен биргеликте зергерлерди даярдоо боюнча атайын факультет ачуу пландаштырылып жатканын белгиледи. 

Ошондой эле аталган демилге аркылуу жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү кеңейерин, зергер буюмдардын сапаты жогорулай турганын кошумчалады.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-----15.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/-------14.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2025/10/123.jpeg)