> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Аймактык долбоорлорго 900 млн сомдон ашык инвестиция тартылды
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/03/aimaktyk-dolboorlorgho-900-mln-somdon-ashyk-inviestitsiia-tartyldy/
- Published: 2025-11-03T03:22:27.000Z
- Updated: 2025-11-03T03:22:27.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**КРнын аймактарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө багытталган Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун ишмердүүлүгү 2025-жылы жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.** 

Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттары “Мамфинхолдинг” ААК аркылуу жылдык 2% чен менен берилген бюджеттик кредиттердин негизинде экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн колдонулууда.

> 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча “Мамфинхолдинг” ААК жалпы суммасы 915,3 млн сомдук 184 экономикалык долбоорду жактырды. Алардын ичинен 595,7 млн сомго 128 долбоор иш жүзүндө каржыланды.

> Салыштыруу үчүн, 2024-жылы Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен 165,8 млн сомго 38 долбоор, ал эми 2023-жылы — 146,1 млн сомго 34 долбоор колдоого алынган.

Бул көрсөткүчтөр инвестициялык ишмердүүлүктүн жанданышын жана реалдуу экономика секторун колдоого мамлекеттин катышуусунун кеңейишин айгинелейт.

Аймактарды өнүктүрүү фонддору тоо-кен компанияларынын чегерүүлөрү жана лицензиялык төлөмдөрдүн эсебинен түзүлүп, инфраструктураны өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, жумуш орундарын түзүү жана жашоо сапатын жогорулатуу сыяктуу багыттардагы долбоорлорду каржылоону улантууда.