> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# “Чайна Петроль Компани Джунда” компаниясы Кеминде ири станциясын ачты
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/03/chaina-pietrol-kompani-dzhunda-kompaniiasy-kiemindie-iri-stantsiiasyn-achty/
- Published: 2025-11-03T04:59:14.000Z
- Updated: 2025-11-03T04:59:14.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

**Кыргызстанда көп жылдардан бери иштеп келе жаткан “Чайна Петроль Компани Джунда” ЖЧКсы 2024-жылы декабрь айында куруп баштаган Кеминдеги май куюучу станциясын ачты.** 

> Бул “Джунда” тармагынын 5 миң чарчы метр аянтты ээлеген ири май куюучу жайларынын бири. Райондун “Жылтыр” участогунда жайгашкан заманбап май куюучу жай эми суткасына 24 саат бою кардарларды тейлөөгө даяр. 

> Бул аталган компаниянын иши убактылуу токтоп калган акыркы 5 жыл ичиндеги биринчи станция. Ал акыркы технологиялык стандарттар боюнча жабдылган жана сапат, коопсуздук жана экология талаптарына толук жооп берет. Бул “Чайна Петроль Компани Джунда” ЖЧКсынын 28-май куюучу станциясы. 

Компания акыркы жылдарда Кыргызстанда ишенимдүү түрдө май куюуучу жайлардын санын көбөйтүп, күйүүчү майдын сапатын жогорулатып, кардарлары менен өнөктөштөрүнүн ыңгайлуулугу үчүн сервисти өнүктүрүп келе жатат.