> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда эң жогорку көлөмдөгү орточо маяна канча?
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/03/kyrghyzstanda-en-zhoghorku-kolomdoghu-ortocho-maiana-kancha/
- Published: 2025-11-03T06:31:35.000Z
- Updated: 2025-11-03T06:31:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**МинКаб 2026-жылы киреше салыгы менен камсыздандыруу взносун эсептөө үчүн пайдаланыла турган эмгек акынын бир айлык орточо көлөмүн аныктады.** 

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча орточо маяна 36 миң 47 сомду, а “Кумтөрдү” эске албаганда – 35 миң 97 сомду түзөт. 

***Орточо айылк көлөмү боюнча жогорку көрсөткүчтөр төмөнкү аймактарда белгиленген:***

> Бишкекте – 44 миң 74 сом;

> Кара-Кулжада (Жалал-Абад облусу) – 50 миң 642 сом;

> Чаткал районунда – 55 миң 183 сом;

> Жети–Өгүз районунда (Кумтөрдү эске алганда) – 96 миң 813 сом. 

> Эң аз орточо эмгек акы Талас облусунун Манас районунда белгиленип, ал – 21 миң 738 сомду түзгөн. Ошондой эле Сокулукта орточо айлык – 21 миң 748 сом болгон.

Ал эми Ош, Баткен облустарында орточо маяна – 22 мин 26 сомдун айланасында чыккан. Салыштырмалуу алганда, түндүк облустарда орточо эмгек акы түштүк облустарына салыштырмалуу жогору болгон. Бул мамлекеттик структуралардын, туристтик жана өнөр жай мекемелеринин түндүк тарапта көбүрөөк болушуна байланыштуу.