> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Онлайн кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу мыйзамы күчүнө кирди
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/03/onlain-kriedit-aluugha-ozuno-ozu-tyiuu-saluu-myizamy-kuchuno-kirdi/
- Published: 2025-11-03T03:57:27.000Z
- Updated: 2025-11-03T03:58:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика, #Жаңылыктар

2025-жылдын 1-ноябрынан тартып онлайн кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу жөнүндө мыйзамы күчүнө кирди. Бул мыйзамды кабыл алууга акыркы жылдардагы онлайн кредит алууда алдамчылык көп болуп жаткандыгы себеп болгон.

> “Өзүнө-өзү тыюу” — бул ар бир жарандын өз каалоосу менен жана акысыз түрдө өзүнүн атына кредит алууга мүмкүнчүлүктү алдын ала чектөө кызматы болуп саналат.

Механизмдин негизги максаттары алдамчылыктын алдын алуу жана керектөөчүлөрдү коргоо:

> • башка бирөөнүн атына уурдалган же жасалма маалыматтар менен насыя алынуусуна бөгөт коюу,

> • карыздык капканга түшүүдөн жана талаштуу кырдаалдардан сактоо.

Жарандар өз алдынча жана акысыз түрдө тыюу салып же кайра аны алып салууну Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы (Tunduk мобилдик колдонмосу) аркылуу каалаган убакта, онлайн түрүндө аткара алышат.

Шилтемедеги видеодо [***«Түндүк» мобилдик тиркемесинде***](https://www.facebook.com/reel/1033150352221413 )өзүнө-өзү тыюу салуукызматын кантип иштетүү же өчүрүү боюнча этап-этабы менен көрсөтмөлөр берилген.