> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кыргызстан аэропорттору" жетинчи эмиссияны бекитти
- URL: https://im.kg/ekonomika/2025/11/04/kyrghyzstan-aeroporttoru-zhietinchi-emissiiany-biekitti/
- Published: 2025-11-04T10:37:07.000Z
- Updated: 2025-11-04T10:37:07.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Экономика

**"Кыргызстан аэропорттору" ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйыны болду. Анда жетинчи эмиссиянын кошумча эмиссиясынын эсебинен жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алынганын ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.** 

Акционерлер 27 065 652 даана жөнөкөй акцияны номиналдык наркы 424 сомдон кошумча чыгаруу менен жалпы суммасы 11,48 млрд сомго көбөйтүүнү бекитти. Акциялар акционерлерге алардын үлүшүнө пропорционалдуу түрдө жабык жазылуу аркылуу жайгаштырылат жана төлөм акча каражаты же мүлк менен жүргүзүлүшү мүмкүн.